Menu

Видео – Камчыбек Жолдошбаев: “Экотехинспекция Муратбеков, каргайын десем жалгызсын, каргабайын десем байкушсун, тигил “Ихлас” компаниясы салган үйлөрдүн сапаты жок…”

Бөлүшүү:

“Биринчиден, кечээги Тогуз-Тородогу ызы-чууларга эл күнөөлүү эмес, ага Тоо кен министрлигиндеги Рыскулов, анан эки жакты кайраштырып жаткан, ортодон акча жегендер күнөөлүү. Мен Ак-Талаада өз көзүм менен көргөм, ортодогулар арак берип, элди ишкерлерге тукуруп, кайраштыргандарды”, – деп билдирди бүгүн, 12-апрелде депутат Камчыбек Жолдошбаев парламенттин кезектеги отурумунда.

“Экинчи маселе, мына азыр депутаттык комиссия Экотехинспекцияны текшерип жатат.  Экотехинспекциянын начальниги Муратбеков, каргайын десем жалгызсын, каргабайын десем байкушсун.  Бишкекте жана бүт республика боюнча курулуш компаниялары бийик-бийик тамдарды куруп жатышат. Ал үйлөрдүн сапатына ал жерде жашаган жашоочулар тынчсызданып жатышат. Бизде 8-9 баллдагы жер титирөөгө чыдаган үйлөр курулуш керек. Азыр салынып жаткан үйлөр 6-7 балл жер титиресе эле кулап түшөт. Анткени мен өз көзүм менен карап жүрөм, курулушка пайдаланылган арматура менен бетондун сапатын көрүп жатам.  Бетондун маркасы 400дөн кем болбош керек, кирпичтин да сапатын карабай эле пайдаланып жатышат. Сурасаң аларга Экотехинспекциянын начальниги Муратбеков өзү старший адвокат, анын орун басарлары младший адвокат болуп калышыптыр. Бул боюнча “Ихлас” компаниясы баштаган эки-үчөөсүн текшерсек, аябай начар. Шопоков шаарында арматура чыгарган заводдун ишине республика боюнча эл нааразы болуп жазып жатышат. Эртен эле баарыбыздын туугандарыбыз ошол үйлөрдөн квартира алып жашап калышы мүмкүн, жаман айтпай жакшы жок дагы бир балээге кабылбайлы… Бул маселе боюнча премьер-министрге тапшырма берип, текшертип, Муратбековдун ишин карайлы. Себеби үйлөрдүн сапатын карашпай эле санын көбөйтүп, узун акчанын артынан түшүп алышкан. Шаардагы бийик үйлөрдө жашагандардан арыз түшүп жатат, мобу “Ихлас” курган үйлөрдө жашагандардан арыз түшүп жатат, сапаты жок, ушунун баарын карап берсин деп…”, – деди Камчыбек Жолдошбаев.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: