Menu

“Берекет” базарындагы өрт боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Бишкектеги “Берекет” базарында чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдиргендей, окуя Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси (“Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу”) жана 238-беренеси (“Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу”) менен иликтенип жатат.

Расмий маалыматка ылайык, өрт тууралуу 13-апрелде түнкү саат 3:50дө маалымат түшүп, ага 800 милиция кызматкери тартылган. 14 техника катышып, 7:40та өрт өчүрүлдү.

Тилсиз жоодон болжол менен 2000 чарчы метр соода аймагы күйгөн. Мебеби тактала элек. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары журналисттерге базарга өрт коюлушу мүмкүн деген божомолду айтты.

Өрттөн жети киши жабыркады. Алардын баары Өрткө каршы кызматтын адистери. Саламаттык сактоо министрлиги “Азаттыкка” билдиргендей, алтоо иске ууланып, бири күйүп калган. Алар ооруканага жатуудан баш тартышты, жеринде аларга медициналык жардам берилди.

Ушуну менен жыл башынан бери Ош базарынын аймагында үчүнчү ири өрт чыкты. 5-мартта “Сейтек” базарынын миң чарчы метр аянты күйгөн. 30-январда ушул эле соода түйүнүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: