Menu

Абдылдаев Абулгазиевди какатты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев ар дайым кандай маселе болсун, талылуу жерден кармап, ток этер жерин айтат. Жөн эле эмес, факт менен бекемдеп, эч ким буйтап кете албай тургандай кылат. Уккан, көргөндөр баракелде, депутат болсоң ушундай бол дешип тамшанат.

Мына Жолдубаеваны иштен алуу боюнча президенттин сунушун Жогорку Кеңешке алып келип доклад жасаган президенттик аппараттын жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазиевди эки суроо менен какатып, отургузуп койду.

Эл өкүлү Абулгазиевге «Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча координациялык кеңештин жетекчиси ким?» – деген суроону берди эле, жооп бере албай кайсалактап калды. Айласы кетип, коопсуздук кеңешинин катчысы жооп берсин деп суроодон буйтап өтөйүн деген ою дагы ишке ашпай калды. Депутат: «Мен ал кишини тааныбайт экенмин. Мен сизге суроо берип жатам, докладды сиз жасадыңыз да», – деп жарга такады. Аппарат жетекчиси: «Жардамчыларым айтып жатат, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча координациялык кеңеш өкмөт башчысында, ал эми коррупция менен күрөшүү боюнча координациялык кеңеш Башкы прокуратурада экен» – деп кызарып-татарды. Мындай жооптон кийин эл өкүлү «Ошондо коррупциялык күрөш начар жүрдү деп жатасыздарбы?» – деп суроону кабыргасынан койду эле, «ооба» деген жооп чыкты. Абдылдаев кайрадан сөздөн кармап, «Андай болсо 6 жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан коррупциялык күрөш эффективдүү болгон жок деген жыйынтык чыгарып жатасыздар да туурабы?» – деп суроо салды эле, Абулгазиев дурустап жооп бере албай какады…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: