Menu

Эрдоган Түркияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөрүн жарыялады

Бөлүшүү:

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өтөрүн жарыялап, добуш берүүнү 24-июнга белгиледи. Ал 18-апрелде шайлоону мөөнөтүнөн бир жыл мурда өткөрүү чечимин түшүндүрүп жатып, Түркия тезирек президенттик башкарууга өтүшү зарыл экенин айтты.

Эрдоган мындай чечимге бүгүн Улутчул кыймыл партиясынын лидери Давлет Бахчели менен сүйлөшкөндөн кийин келген. 17-апрелде күтүүсүздөн кезексиз шайлоо өткөрүү сунушун көтөрүп чыккан Давлет Бахчели – президент Эрдогандын союздашы катары белгилүү.

Түркияда 2017-жылы референдум өтүп, элдин көбү президенттик башкарууну колдоду деп табылган. Бирок конституциялык өзгөртүүлөр шайлоодон кийин гана күчүнө кирмек.

Кезектеги президенттик жана парламенттик шайлоо Түркияда негизи 2019-жылдын ноябрында өтүшү керек болчу. Парламенттик республика саналган Түркия президенттик башкарууга толук өтсө мамлекет башчынын ыйгарым укуктары кеңейет.

Режеп Тайып Эрдоган бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” же АК партиянын лидери катары он эки жылдык премьерликтен соң 2014-жылы августта президенттик кызматка өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: