Menu

Жамбыл Камчиев, куудул: президенттик шайлоодо Улукбек Кочкоровдун алып берген телефону мага буюрган жок

Бөлүшүү:

Жабыл аке, көрүнбөй калдыңыз, эмне иш менен алектенип жатасыз?

– Ошто жашап жатам. Бишкекке бир топтон бери бара элекмин. Байбичем ооруп, эки жылдан бери төшөктө турбай жатты. Учурда Кудайга шүгүр, бир аз жакшы болуп калды. Ордунан туруп, таяк менен басып калды. Жакшы болуп кетсе экен деп Кудайдан тилеп жатабыз. 1-2-апрель күндөрү Ош драмтеатрына концертимди бердим. Эл жакшы келип берди.

– Концертке кеткен чыгым акталдыбы?

– Бир аз карыз болуп өткөрдүм. Карызымдан дагы концерт коюп кутулам да. Эң башкысы телеканал съемка кылып алды.

– Президенттик шайлоодо президенттикке am салышкан Улукбек Кочкоров менен Кубан Чороевди сүрөөнгө алып, экөөнү колдоп жүрдүңүз эле. Алар эмгегиңизди баалаштыбы?

– Улукбек Кочкоров чөнтөк телефон алып берген. Анысын жоготуп жибердим. Буюрган жок. Кубан Чороев болсо бир аздан акча берип турган. Ал акчалары ошондо эле жок болгон. Эми тилегеним, эл сыяктуу эле азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жакшы иштеп берсе экен деп тилеп жатам. Бирок Сооронбай Жээнбеков жакшы иштеши үчүн, мамлекетти алга жылдырам десе, анда 93-жылкы баш мыйзамга кайтып келиши керек. Болбоду дегенде, банк системасын түп тамырынан өзгөртүшү абзел.

– Банк системасын кантип өзгөртүү керек?

– Бардык айыл аймактарда, райондордо, облустарда, шаарларда өз алдынча иштеген мамлекеттик банктар болушу зарыл. Ар бир министрликтердин тармактык банктары, ЖОЖдордун мамлекеттин көзөмөлүндөгү өз банктары болушу талапка ылайык. Ошондо гана өлкөбүздө чындап өнүгүү башталат.

– Куудулдар Рахман Разыков менен Тынар Курбаналиевдин чырлашканы боюнча маалымат тарады. Экөөнүн келишпей калышына эмне себеп болушу мүмкүн?

– Экөө акча талашты да. Андан башка экөөндө талаша турган эмне бар эле? Концерттен түшкөн акчаны бөлүшө албай уруша кетишсе керек.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: