«Аксакал мага абдан таза иштеген адам болуп көрүнүп жатат. Ал өзү абдан профессионал, тармакты жакшы билген адам экен. Андыктан, сиздерден кечирим сурайм…». Бул сөздөрдү өкмөт башчы Сапар Исаков ЖКдагы оппозициялык фракциялардын жыйынында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башчысы Алмаз Ногойбаевди коргоо максатында айтты. Анын пикиринде азыр ишканага эл аралык аудит компания жалданып, текшерип чыккан соң чечим кабыл алмакчы. Эске сала кетсек, жыйында депутат Мирлан Бакиров Алмаз Ногойбаевдин коррупцияга белчеден батканын айтып, арызын жазуусун сунуш кылган эле.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ