Menu

Казакстандын эки порту АКШ жүктөрүн Ооганстанга жеткирүү үчүн колдонулат

Бөлүшүү:

19-апрелде Казакстан парламентинин сенаты өлкө аймагы аркылуу Ооганстанга атайын жүктөрдүн ташылуусу боюнча АКШ менен түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколунун ратификациясын жактырды.

Сенаттын Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин корутундусунда айтылгандай, протоколдо атайын жүктөрдү жеткирүү каттамына Актау жана Курык портторун кошуу каралган. Бул Каспий деңизи менен келген жүктү темир жол аркылуу Ооганстанга ташууга мүмкүндүк берет.

Корутундуда аталган каттамды америкалык тарап «альтернативдүү» жол катары карап жатканы жана ал жүктү Азербайжандан Каспий деңизи менен Казакстанга, андан ары Өзбекстан аркылуу Ооганстанга жеткирүүгө арналганы жазылган.

«Бул транзиттин иштеши — Ооганстанда тынчтык жана туруктуулук орношун каалаган өлкө катары Казакстандын кызыкчылыктарына толук туура келет», — деп жазылган комитеттин билдирүүсүндө.

Протоколго былтыр 21-сентябрда Нью-Йоркто кол коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: