УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мигранттар жана Москвадагы кыргыз диаспорасынын активисттери менен жолугушту.
Жолугушуу кечээ, 29-октябрда, “Президент-Отель” мейманканасында өттү. Жолугушууга элчиликтин, Мамлекеттик миграция кызматынын, Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү жана башка кыргыз структураларынын жетекчилери катышты.
Жолугушуунун катышуучуларына иш-чарадан сүрөткө жана видеого, түз эфирге чыгууга тыюу салынган.
Камчыбек Ташиев Москвада иш сапары менен болгонун жана ошол эле учурда мекендештери менен жолугушууну чечкенин айтты. Ал аларга Кыргызстанда кылмыштуулукка каршы күрөш күч алганын белгиледи.
“Мен алар (кылмышкерлер) же түрмөгө отурушу керек, же өлкөдөн чыгып кетип, биздин тынчыбызды албашы керек деп айттым. Силер (КРнын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлүнө кайрылып) дагы көзөмөлдү күчөтүшүңүздөр керек. Ошондой эле күнү-түнү иштеп, эч кандай шылтоо болбошу керек. Базарлардагы мигранттарыбыз, кайсы жерде болбосун, уюшкан кылмыштуу топтордон коркпошу керек “, – деди ал.
Эске салсак, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди 16-октябрда УКМКнын төрагасы кылып дайындады. Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын жетекчилери чет өлкөлөрдөгү жарандык коом менен мындай иш-чараларды өткөрүшкөн эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ