Menu

Сапар Исаков айткандай, парламент “саясий өлүккө” айландыбы?

Бөлүшүү:

Аз күн мурун премьер-министрликтен кеткен Сапар Исаков кызматтан кеткен соң “Апрель” телеканалына берген интервьюсунда Жогорку Кецеш депутаттарына “принциби жок” деп баа берип, депутаттардын “саясий өлүккө” айланганын айткан болчу. Исаковдун мындай ачуу сынына териккен депутаттар экс-премьердин айтканын териштирүү керек экнин айтып чыгышкан эле. Бул боюнча биз экс-премьердин айтканына кандай карайсыз? Чын эле депутаттар Сапар Исаков айткан деңгээлге жетип калдыбы?.. Деген суроо менен коом-чулуктагы айрым жарандардын ой-пикирлерин уктук…

Жолдошбек Бузурманкулов, милициянын полковниги: “Эл ичинде депутаттарга болгон сый урмат жок”
– Парламент табиятынан интеллигенциядан куралыш керек. Маселен юрист, экономист, маданият тармагынын өкүлдөрүнөн. Биздин парламентти карасаң өңчөй базаркомдор, алып сатарлар, кызыл кулактар. Албетте, саналуу гана эл өкүлүн кошпогондо. Көпчүлүк депутаттардын бирден эмес, экиден, учтөн диплому бар. Тилекке каршы, алар китеп бетин эмес, алган дипломдорунун бетин ачып көргөн эмес. Анан ушундай шартта биз кандай парламентаризмди күтсөк болот. Алардын деңгээли карапайым элдин деңгээли менен тең болгондуктан, коомчулуктун депутаттарга болгон көз карашы терс, урмат жок. Мындай парламент саясий оюндардын оюнчугу, добуш берчү машина гана болуп бере алат. Андан ашык эмес. Биздеги уч бийлик бутагынын ичинен нааразычылык жараткан, купулга толбогон бийлик бутагы бул парламент.

Курманбек Мамбетов, “Объектив” гезитинин башкы редактору: “Парламенттинк адыры төмөн”

– Парламенттин кадыры төмөн экени, акыркы убакта төмөндөп кеткени белгилуу го. Өкмөттүн ишине бүгүн оң баа берип, эртеси өкмөт башчысына ишеним көрсөтпөө албетте, принципиалдуулуктун белгиси эмес. Бирок андай болгон күндө да, кечээ эле өзү чогуу кызматташкан, кийин да кызматташуусу мумкун адамдарды дүңүнөн саясий өлүк деп салуу мурдагы премьердин саясатчы катары калыптана электигин жана да инсан катары өзүнүн эмоцияларын башкара албастыгын билгизип койду деп ойлойм.

Келдибек Ниязов, Кыргыз Эл артисти: “ Сапардын айтканы чын, депуттар ага чычалабасын”

– Сапар Исаков туурасын айтты. Депутаттар ага эмне анча чычалашты билбейм. Же чын чычалайт болуштубу? Айрыкча депутат Каныбек Иманалиев катуу чычалады го. 6- чакырылыштын депутаттары ушуну менен үч Өкмөттү алмаштырып жиберишиптир. 2020-жылга чейин мөөнөттөрү бүткөнчө дагы канча Өкмөттү алмаштырышат ким билет? Минтип отурсак мамлекетибизде жакшы деле алга жылуу, өнүгүү болбойт го. Ушул парламенттин мөөнөтү аяктаса, кийинки шайлоого чейин баш мыйзамды өзгөртүп, депутаттардын санын кыскартуу керек. 6 миллион эли бар Кыргызстана 120 депутаттын эмне кереги бар. Кыргызстана ашып кетсе 60 эле депутат жетиштуу болот. Азыркы 120 депутаттын баары эле шакылдатып мыйзам жазып жатат дейсиңби? Жуз жыйырманын ашып кетсе 50 пайызга жетпегени мыйзам жазышаар. Калгандары мага таарынышпасын, аман болушсун!

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: