Арменияда оппозиция лидери Никол Пашинян нааразылык акцияларын улантууга чакырды. Бул тууралуу ал 24-апрелге караган түнү “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Пашиняндын айтымында, бийлик Серж Саргсяндын премьер-министрлик кызматка көрсөткөн “Республикачылар” партиясынын башкаруусун сактап калууга аракет жасап жатат.
Никол Пашинян 25-апрелде премьер-министрдин милдетин аткаруучу Карен Карапетян, парламенттин спикери Ара Бабалоян жана көпчүлүк коалициянын башчысы Ваграм Багдасарян телефон чалышын күтөрүн белгиледи.
Буга чейин Пашинян премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Карен Карапетян менен жолугуп, саясий системадагы кийинки өзгөрүүлөрдү талкуулай турганын айткан. Кийин Карен Карапетян Пашинян менен 25-апрелге белгиленген жолугушуу болбой калганын, себеби оппозиция лидери бир тараптуу талаптарды коюп жатканын билдирген эле.
24-апрелде Арменияда оппозиция бийлик өкүлдөрү менен саясий кеңешме өткөргөн. Пашинян Армениядагы “Республикачылар” партиясынын бир дагы өкүлү өкмөт башчы боло албай турганын билдирген. Ал парламент “эл арасынан чыккан талапкерди” премьер-министр кылып шайлашы керек экенин айтууда.
Дүйшөмбү, 23-апрелде 10 жылдан ашуун бийликте туруп, кайра өкмөттүн башына келген Серж Саргсян элдин каарынан улам кызматтан кетүүгө мажбур болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ