Menu

Жамангулов күнөөлүүлөрдү атады, жоопкерчиликке тартылышабы?

Бөлүшүү:

ТЭЦтеги коррупцияны иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү, депутат Акылбек Жамангулов “Марал” радиосуна берген маегинде 386 млн долларга кимдер жооп бериши керек экенин айтып, күнөөлүүлөрдүн аттарын атады.  Депутат  “ТЭЦтеги башаламандыктарга Осмонбек Артыкбаев, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Cариев, Токон Мамытов, Кубанычбек Турдубаев, Сапар Исаков жана башка адамдардын тиешеси бар “ деп айткан. Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков ТЭЦтин реконструкция иштерине катышкан эмес. Депутаттык комиссиянын отчётуна ылайык, президенттин ЖЭБге тиешеси жок. Негизги фазалар Темир Сариевдин убагында бүткөн. Бул билдирүү жөнөкөй жарандын пикири эмес, парламент депутатынын, болгондо дагы ушул ишти иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсүнүн билдирүүсү. Муну УКМК менен Башкы прокуратура кулак сыртынан кетириши керек эмес. Аты аталгандарды биринин артынан бирин чакырып, тердегенче сурак жүргүзө берсе болот. Калиев, Авазовдор  өздөрү эле 386 млн долларды “ап” этип албашы турган иш. Кезек киттерге келди.

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: