Menu

АКШда өзбек жараны терроризмге байланышкан кылмышка айыпталууда

Бөлүшүү:

АКШнын федералдык соту Өзбекстандан барган качкын Бахтияр Жумаевди терроризмге байланышкан эки кылмышка күнөөлүү деп тапты.

The Denver Post гезити Жумаев «Ислам жихадынын биримдиги» аттуу террордук топко каржылык жардам көрсөткөн жана ал уюмдун катарына кирүүгө аракет кылган деп айыпталган. Прокурорлордун маалыматы боюнча өзбекстандык качкын атайын коддор аркылуу террордук топтун эсебине 300 АКШ долларын которгон.

30-апрелдеги сот отурумунда адвокат Дэвид Савиц (David Barry Savitz) Бахтияр Жумаевге тагылган айыптарды четке кагууга аракет кылып, ал 300 долларды карызынан кутулуу үчүн которгонун айтты.

Бирок прокурордун жардамчысы Грегори Холлоуэй (Gregory Holloway) 2012-жылы Федералдык иликтөөлөр бюросунун агенттери тарабынан жүргүзүлгөн сурак маалында өзбек жараны акчаны аталган уюмдун эсебине которгонун моюнуна алганын билдирди.

Өз кезегинде адвокат анда Жумаевден жалган көрсөтмө алынганын белгиледи.

Анын айтымында, Жумаев көрүстөндө иштеп чыккандан кийин кармалган. «Ошондуктан ал үч сааттык сурак маалында чарчаган жана корккон абалда болгон. Ал анда өзүн капканга түшүп калгандай сезген», – деди адвокат сотто.

The Denver Post гезитинин маалыматына караганда, Бахтияр Жумаевге карата өкүм 18-июлда чыгат.

Акыркы жылдары АКШда бир нече өзбек жараны терроризмге байланышкан кылмыштарга айыпталган. Алсак, Кошмо Штаттарга Өзбекстандан барган Сайфулло Саиповго Нью-Йоркто адамдарды унаа менен сүзүп өлтүргөн деген айып тагылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: