Menu

Өлкөдөн 10 жашар кызды чыгарып кетүүгө аракет кылган испаниялык кармалды

Бөлүшүү:

1-майда кыргыз-казак чек арасындагы «Акжол-автожол» өткөрмө бекети аркылуу өлкөдөн 10 жаштагы кызды чыгарып кетүүгө аракет кылган Испаниянын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, документтерди текшерүү маалында Испаниянын 1968-жылкы жараны шек жараткан. Ал берилген суроолорго жооп бербей, өзү дагы, кыз дагы орусча билбей турганын айткан.

«Бирок чек ара кызматкери кыздан орусча билесиңби деп сураганда ал ооба деп жооп берген. Териштирүүлөрдөн кийин буга чейин кыздын апасы ал жоголуп кеткендигин айтып, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганы аныкталды», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Мекемеден билдиришкендей, Испания жаранынын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынып, ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: