Коомчулукта, өзгөчө соттордон жабыр тарткандар тарабынан Манас Арабаевге болгон нааразычылык кучалды. Бул жигит соттук реформа боюнча кеңештин катчысы, президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштейт. Соттордун кароосундагы бардык иштер дал ушул Арабаев айткандай оң же терс чечилээри кеп болуп келет. Анткени Манас Арабаев Ак үйдө отуруп алып, соттор чыгарган ар бир чечимди көзөмөлдөп турат экен. Мындан улам, соттор мыйзамды эмес, Манас Арабаевди “сыйлашаары” Кудайындай эле көрөөрү айтылууда. Президент бул баскан изи, кылган иши күмөндүү Арабаевден арылбаса болбойт. Кыргызда «жамандын кесепети тиет» деген кеп бар. Андыктан төбөсү чырлуу иштен чыккан эргулду эс ал деши керек окшойт…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ