Кыргыз Республикасынын ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча кызматкерлери Алай районунун автоунаа жолунда баңгизаттар сакталган жер бар экендиги тууралуу маалымат алышкан, – ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Аталган маалымат боюнча милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иш-аракеттерин көрүшүп натыйжада Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш-Бор-Дөбө автоунаа жолунда жайгашкан салынып бүтө элек пайдубалдын астынан 2 килограмм 720 грамм салмакты түзгөн кочкул-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар шектүү зат табылып алынып, тийиштүү экспертизага жөнөтүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгы менен алынган зат “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталган. Азыркы учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар жарандарды кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ