Menu

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов селден турак жайлары жабыркагандардын абалы менен танышууда

Бөлүшүү:

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов селден турак-жайлары жабыркаган жарандардын абалы менен жеринен таанышууда

Бүгүн, 2018-жылдын 15-май күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы сел кырсыгынын кесепеттерин  жоюу иш жеринде көзөмөлдөө максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов иш-сапарда жүрөт.

Иш-сапардын жүрүшүндө селден турак жайлары жабыркаган жарандардын абалы жана социалдык объектилердеги абал менен жеринен таанышууда. Министр Н.Мырзахмедов Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иш-аракеттеди жүргүүнү тапшырды.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда, министр Н.Мырзахмедов турак-жайларды камсыздандыруу керек экендигин белгилеп өттү. Ошондой эле, кырсыктын кесепеттерин жоюуга бардык күч аракеттер жумшаларын билдирип, түнү-күнү тынбай иштеп жаткан куткаруучуларга алкыш айтты.

Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде кырсыктын чыгымдарын тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Маалымат үчүн: Лейлек району. 2018-жылдын 13-майында саат 17:15 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүргөн. Селдин кесепетинен:

Исфана шаары. Акчайыр балдар интернатынын жер төлөөсүнө, Наристе бала бакчасынын жер төөлөсүнө, 5 турак үйгө, 17 турак үйдүн короолоруна, Чимген айылындагы Арча-Бешик балдар бакчасынын жер төөлөсүнө, чарбагына, Ынтымак балдар бакчасынын жер төлөөсүнө сел суулары кирген.

Ошондой эле, 2,9 чакырым аралык ички чарбалык жолду, 3,7 чакырым  ички чарбалык арыктарды сел суулары басып калган. 90 метр  курулган дамбаны сел бузуп кеткен. 6 чарбалык имараттар селден жабыр тарткан. Караташ айылында ички чарбалык көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен.  Самат айылында КР ӨКМги тарабынан авариялык калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип курулган дамбанын башын сел бузуп кеткен. Калта кол тилкесинде атайын алдын алуу кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 150 даана габион сеткаларын сел алып, кум шагалга толтурган.

         Ак-Суу айыл аймагы. Суубашы айылындагы 5 чакырым ички чарбалык жолдорду сел алган, унаа каттамы кыйынчылык менен өтүүдө. Мындан тышкары КР ӨКМги тарабынан атайын алдын алуу кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 450 даана габион сеткаларын сел алып, кум шагал басып калган, 2 даана жогорку чыналуудагы электр мамычаларын, 7 баш ийри мүйүздүү малды сел агызган.

Ак-Суу айылында орто мектебине сел суулар кирген. Кызы-Бараз участкасындагы арыктын башын сел агызып кеткен. Мындан тышкары 500 метр  ички чарбалык  арыктарды сел суулары басып калган жана 1 даана ички чарбалык көпүрөнүн 1 стойкасынын астын сел суулары жууп, 4 сугат суу бөлуштүргүчтөрдү сел бузуп, 5 га үлүш жерлерди шагыл аралаш сел каптаган.

Алга  айылында  11 гектардан ашык үлүш жерлерди, 3 гектар мамлекеттик фондун жериндеги эгиндерди сел баскан.

Сумбула айыл аймагы. Исфана-Көкташ унаа жолун сел алган, каттам кыйынчылык менен өтүүдө. Ошондой эле, 1 жеңил унааны сел басып калган.

Бешкент айыл аймагы. Эскиоочу айылында 6 турак үйлөрдүн жер төөлөсүнө сел суулары кирген. Абалдары канаттандырарлык. Мындан тышкары Көгүчкөн балдар бакчасынын жер төлөөсүнө, 8 жер тилкелерине  сел суулары кирген, 4 чакырым  ички чарбалык жолдорду сел алган, 2 чарбалык имараттар бузулган.

Мектеп сай учаскасында  КР ӨКМги тарабынан атайын алдын алуу кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 90 даана габион сеткаларын сел алып, кум шагал басып калган. Мындын тышкары 2 чакырым ички арыктарды сел алып, кум шагал басып калган, ошондой эле 2  унаа селден жабыркаган.

Кулунду айыл аймагы. Кушлук сай сел кетүүчү сайындагы жаныдан курулуп жаткан автоунаа өтүүчү көпүрөнүн бир жак тарабын сел жууп кеткен.

Интернационал айылында бир дүкөндүн ичине сел кирген.

Комунизм айылынын Коровник участкасыда 4 турак үйдүн пайдубалдарына сел кирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: