Menu

Депутат Зарылбек Рысалиев: «Биздеги эӊ коркунучтуу адам ким? Мен муну он күн бою ойлондум. Алтургай, алардын болжолдуу тизмесин да түзүп көрдүм!»

Бөлүшүү:

Бул тууралуу депутат Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеӊеш жыйынында Бишкек Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларын жүрүшүн, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатканда билдирди.

«Кыргызстандын жаӊы тарыхында эӊ коркунучтуу адам ким? Мен муну он күн бою ойлондум. Алтургай, алардын болжолдуу тизмесин да түзүп көрдүм. Биринчи орунда Жантөрө Сатыбалдиев турат экен. Эмне үчүн? Мына, ал киши Кыргызстан эгемендик алгандан бери үч мамлекеттик комиссияны жетектептир. Андан кийин да бир катар жооптуу кызматтарда иштеди. Ал барган жердин баарында чыр-чатак чыгат, кылмыш иштери козголот. Эгерде бизде мыйзам иштей турган болсо, эбак эле соттолуп кетмек. Бүгүн ал маӊдайыбызда отуруп алып, бизге акыл үйрөтүп отурат», = деди депутат.

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев депутаттын мындай пикирине макул болбой, мунусу куру жалаа экенин, ал иштеген жерлерде эч кандай кылмыш иштери козголбогонун айтып, эгер депутатта мыйзам бузуу фактылары болсо, укук коргоо органдарына кайрылуусун өтүндү.

Депутат Зарылбек Рысалиев андай фактылар бар экенин, баардык материалдарды укук коргоо органдарына тапшыра турганын белгилеп, укук коргоо органдарын ага көӊүл бурууга чакырды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: