“Эри өлгөн катын кошокчу» болуп, бир кезде кызматынан айрылышкан аткаминерлер таарыныч, ызаларын экс-президенттен чыгарышып, ыгы келсе да, келбесе да, жарашса-жарашпаса да сын айта башташты. Мына «Балыкчы-Корумду» жолун куруудагы чырга байланыштуу өкмөт башчылыктан кеткен Темир Сариев: “Премьер-министрликтен кетишиме парламенттин эмес, президенттин чечими негиз болгон», – деп “Марал” радиосуна маек берип жатып каңырыгын түтөттү. Жүйө катары президенттик шайлоого карата “бул катуу чыгып жатат, эл оозуна алынып кетти, эртең биздин кандидатка атаандаш болуп кетпесин” деген саясат менен кызматтан кетүүгө аргасыз кылышканын мисалга тартты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ