Президенттин иниси, КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков туурасында ак-карасы ажыратылбаган көп сөздөр айтылып жүрөт. Жогорку Кеңешти спикер кезиндегидей эле башкарып жатканы, кийинки парламенттик шайлоого даярдык көрүп, бир катар партияларды ез таасиринде кармап, каржылык ресурстан көмөк көрсөтүп
жатканы талкууланууда. Буга дейре «Ата-Журт» партиясын колго алганы айтылса, эми «Замандашты» обон создуруп жатканы кеп болууда. Келээрки парламенттик шайлоодо КСДПны Жогорку Кеңешке өткөрбөш үчүн Казакстан тараптан каржы булагы келип «Замандашты» сүрөөнгө алат экен. Сыягы, казак тарап КСДПны өткөрбөө шарты менен каражат берип жаткандай… Кызыгы, «Замандаштан» төрт эле киши тизмеге кирип, калганын Асылбектин кишилери ээлейт деген сөздөр чыгып жатат. Албетте, «жел болбосо чөптүн башы кыймылдабай» турганын эске алсак, Асылбек мырза президенттин аброюна келеке түшүрбөш үчүн ак же кек деп айтыш керек.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ