Кыргыз манасчылар жана бийчилер тобу Түркиянын борбор калаасы Анкарада Орозо айына карата уюштурулган эл аралык мааракеге катышты. Мааракенин алкагында Анкарада кыргыз-түрк маданият үйү ачылды. Ачылыш аземине Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келди.
Атайын уюштурулган концерттик программада «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылды. Жергиликтүү калк кыргыз ырларынын коштоосунда бийчилердин концерттик программаларына күбө болушту.
Бул маданий иш-чара Анкара шаарынын тургундарын түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданияты менен тааныштыруу максатында уюштурулду. Аталган иш чара бир ай созулуп, маданият үйүндө түрк тилдүү элдердин маданий көргөзмөлөрү менен уланат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ