“Эл угуп турат, эл карап турат. Жантөрө Жолдошевич, бири-бирибиздин мурункуларыбызды чукусак көп нерсе чыгып калышы мүмкүн. Эл анын баардыгын билет, ачыгын эле айтайлы”, – деп эскертти экс-спикер Асилбек Жээнбеков 17-майда КР Жогорку Кеңешинин Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык мыйзам бузууларды талкуулоо учурунда экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевге карап туруп.
“Ошон үчүн бирөөдүкүн эч качан чукубай жүргүлө, ар кимиңер өзүңөргө жооп бергиле, ошол жакшы болот. Кимдин сөзү кайсы нукта туура кетип жатат же кимдин сөзүнүн артында дагы иштер бар экенин эл байкап турат, эл карап турат. Калганын тергөө органдары өздөрү аныктап берет. Булардын милдети ошол, биздин милдет эмес”, – деди экс-спикер Асилбек Жээнбеков.
Бул эскертүү менен Асилбек Жээнбеков албетте экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевди “менин мурункуларымды чукусаң биз да сенин мурункуларыңды чукуйбуз” деп коркутуп жатат. Сатыбалдиев Ош-Бишкек жолун куруу боюнча дирекцияны, кийин Транспорт министрлигин башкарганда “мистер 10%” деген атка конгон жайы бар. Кийин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамдирекциясын башкарганда Атамбаевге таянып алып, 4 миллиард сомго отчет бербей жүргөндүгү белгилүү. Экс-спикер мына ушулар менен коркутууда.
Ал эми экс-спикер Асилбек Жээнбеков өзү эмнеден чочулап Жантөрө Сатыбалдиевдин оозун жабууга аракет кылып жатат?
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ