Menu

Кашкар Жунушалиев, Ички иштер министри: Кызматка келген күндөн тарта төрт багыттагы иш аркетти баштадык

Бөлүшүү:

– Кашкар мырза, экинчи ирет ИИМ жетекчилигине келишиңиз коомчулукка күтүүсүз болду окшойт. Өзүңүз бул боюнча кандай чечмелейсиз?

– Чынын айтканда, биринчи жолу министр болгонумда беш ай, жыйырма күндөй иштедим. Ошол учурда алдыга койгон көп-көп максаттар, маанилүү иш мерчемдери бар эле, убакыттын кыскалыгынан өтөөсүнө чыга албай калгам. Мына, өзүңөр билгендей, президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш да мага ишеним көрсөтүп, экинчи ирет кызматка дайындашты. Бүгүнкү күндөгү болуп аткан реформаны, алдыга коюлган иш пландарды жылдыруу боюнча баардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек. Урматтуу президенттин, өкмөттүн, парламенттин жана элдин астындагы ишенимди таза, ак ниеттикте актоо үчүн бүткүл аракетимди көрөм.

-Учурда эмне менен алек болуп атасыз? Кандай орчундуу маселелер бар?

– Кызматка келген күндөн тарта алдыбызга төрт багыттагы иш-аракеттерди койгонбуз. Биринчиси, кылмыштуулук менен күрөшүү. Элибиздин коопсуздугун сактоо. Экинчиси, милицияга болгон элдин ишенимин кайтарып алуу, жогорулатуу. Үчүнчүсү, өзүбүздүн ичибизден өрчүп бараткан коррупция менен күрөшүү. Мына ушул жагына өзгөчө көңүл буруу. Төртүнчүсү, бүгүнкү күндө болуп аткан реформаны өнүктүрүү. Бул боюнча негиздүү жолдор бар. Кеңири сөздү дагы айтабыз… Дал ушул төрт багыттагы ишти жандандыруу үчүн алгачкы кадамдарды баштадык. Жакында түштүк регионун кыдырып, баардык райондорду карап келдик. Биздин кызматкерлер кандай абалда иштеп атканына кызыгып, көйгөйлөрүн өз көзүбүз менен көрдүк да. Элибизге болгон милициянын мамилесин байкап, жергиликтүү бийлик бутактары менен иштешүүсүнө да кызыктым. Эмне үчүн? Себеби, туура чечим кабыл алууда региондордогу маселелерди ичтен билишиң керек.

Асланбек Сартбаев

Булак: ”Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: