Menu

Кой-Таштагы окуяларды иликтөө комиссиясы Атамбаевди жана анын тарапташтарынын көрсөтмөлөрүн укпай турган болду

Бөлүшүү:

7-8-августтагы Кой-Таш окуяларын тыкыр иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия учурда ишин улантууда. Алар экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана абакта отурган анын тарапташтарынын көрсөтмөлөрүн укпай турганы бүгүн (25-октябрда) маалым болду. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрагасынын орун басары Бакытбек Раимкулов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Атамбаевди жана анын тарапташтарын угууга каршы чыгып, алардын тергөөгө кийлигишкенге акылары жоктугун баса белгилешкен.

Бирок, аталган комиссия буга чейин калыс болууга, аларды угууга болгон аракетин  кылып, көчмө жыйын да өткөрүшкөн. Андай жыйынды 26-сентябрда Чүй облустук администрациясында өткөргөн. Ал жыйынга Кой-Таш, Арашан айылынын тургундары чакырылган. Ага нак күбө, анда жапа чеккендер эмес, жалаң Атамбаевдин тарапташтары, туугандары барып алышканын, алар ажылдашканына баарыбыз эле күбө болгонбуз. Атүгүл Атамбаевдин Бүажар аттуу мурунку аялынын апасы Гүласал Теңизбаева да барып алып, Атамбаевди жактап, коргогонун, Исмаил Исаков түрмөгө түшүп калганда, аны коргоп көчөгө чыкканын айтып, убакытты алган. Анын айткандары, ал жерге эч тиешеси жок болчу… Мамкомиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова да убакыттын жөн эле текке кеткенин айтып кейиген. “Жыйынга нак күбөлөр келгенде, сөз башкача болмок. Бирок жыйынга Атамбаевдин туугандары менен албууттанган жакындары келип алышыптыр. Үч саат бою кыйкырып-өкүрүп, эпсиз айып коюу менен курулай убакыт өтүп кетти. Атамбаевдин тарапташтарынын кызыкчылыгы үчүн комиссия окуянын майда-чүйдөсүнө чейин изилдегенге аракет кылды,- деп айткан К.Сооронкулова.

Эске сала кетсек, мамлекеттик комиссия 29-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген. Алар УКМК, ИИМ, Аскер прокуратурасынын жетекчилерин жана Кой-Ташта катышкан көрүнүктүү адамдарды сурап бүтүштү. Алардын жыйынына Атамбаевдин жакын адамдары, үй камагындагы депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина бир нече жолу чакырылып, алар жооп берүүдөн баш тартып, качып коюшкан. Мамкомиссия бул ишти тыкыр изилдеп бүткөндөн кийин, калыс бүтүм чыгарып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: