Эстрада ырчысы Нурлан Насип менеджери Назира Бактыбекованын туулган күнүнө арнап, автоунаа белек кылды. Нурлан, “Назира менен чыгармачылыкта 3 жылдан бери бир туугандай болуп кызматташып келе жатабыз. Мындан ары дагы ынтымакта ийгиликтүү иштеше беребиз” дейт өз сөзүндө.
Бул белекти берүү менен ырчы бир топ маданият өкүлдөрүн ойлондургандай. Анткени буга чейин мындай менеджерин ыраазы кылган бир да ырчы болгон эмес эле, тескерисинче баары нааразы болуп, урушуп, биринин былыгын бири чукуп эле келе жаткан. Нурлан мырза бул көрүнүшкө жаңылык тартуулады десек болчудай. “Өзүң кубангың келсе, биринчи айлаңдагыларды ыраазы кыл” – деген кеп Нурлан үчүн айтылыптыр. Азаматсың! Чыгармачылык ийгилик!
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ