Улуттук Кызыл жарым ай коому Баткендеги кеңсесин күндүзгү стационар үчүн берди. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Баткенде Германиянын Кызыл Крестинин колдоосу менен эки кабаттуу кеңсенин жаңы имаратынын курулушу аяктады.
“Күндүзгү стационарларга болгон муктаждыкты эске алып, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте кеңсенин базасында 50 орундуу оорукана уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынды” – деп айылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ