Menu

Мамлекеттик тил саясаты жана мамлекеттик тилди окутуунун жаңы ыкмалары тууралуу маалымат жыйын өттү

Бөлүшүү:

Жалпыга маалым болгондой мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү иштери “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасына ж.б. укуктук-ченемдик актыларына ылайык жүргүзүлүп келет. Бул туурасында мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

“Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында учурда жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик тил саясаты боюнча маалымат берилди. Ошондой эле, мезгил талабына ылайык мамлекеттик тилди окутуп, үйрөтүүдөгү жаңы ыкмалар, тил билүү деңгээли боюнча үйрөтүү, жаңы технологиялардын жардамы менен окутуу ж.б. тууралуу кенен сөз болду. Маалымат жыйынынын жүрүшүндө А1, А2, В1 деңгээлдери боюнча түзүлгөн “Кылым карыткан тил” китебинин негизинде даярдалган видеосабактар көрсөтүлдү.

“ Өткөн жылы “Ыйман” фонду жана Сауд Аравиясынын  КРдагы элчилиги менен биргеликте Сауд Аравиясынан 10 мультфильмдик сериал алынган. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тасмаларды талдап чыгып, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына дал келген 3 сериалды тандап алды.  Ошентип, мультфильмдик сериалдар кыргыз тилине которулуп,  ротацияга кийинки жылга чейин берилет”-деди төраганын орун басары Аким уулу Медербек.

Маалымат жыйынга  Ишекеев Назаркул ИшекеевичКР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;

Аким уулу Медербек – КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары;

Абдыжапар уулу Мундузбек – КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо, терминология жана жарнама иштери бөлүмүнүн башкы адиси;

Исманкулова Айнура Төлөбековна – КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун директору;

Дюшеева Гүлмира Самтыевна – «Тил Клаб» кыргыз тили борборунун жетекчиси, Борбор Азиядагы Америка университетинин улук окутуучусу катышып, журналистердин суроолоруна жооп беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: