«Аймактар ортосундагы мамилени, карым-катнашты бузуу жана кастыкты козутуу же чакырык таштоо» ишин жүргүзүп, аймактар аралык мамилени бузгандар 2,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул демилге Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго таандык. Анын айтымында, бул аракет өлкө элинин бүтүндүгүн, тынчтыгын сактоо жана аймактык бөлүнүүгө бөгөт коюу үчүн жасалууда. Бирок айрым юристтердин пикиринде, Кылмыш-жаза кодексине мындай өзгөртүү киргизүүнүн зарылчылыгы-кастыкты козутуу» беренеси боюнча деле чагымчыларды жоопкерчиликке тартса болорун баса белгилешүүдө. Сыягы, соодадан келген пенде мыйзамдын терең мазмунун, аки-чүкүсүн кайдан билсин?..
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ