Menu

Исмаилова алгач Кулушеванын айыбын ачыкка чыгарышы керек

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилованын саламаттыкты сактоо тармагына чапкенедей чапташып, тез эле бул тармактын эксперти болуп чыга калганынын төркүнү ачыла баштады. Башында бали, чыны менен көйгөйлүү маселе көтөрүп, медицинага ичи ачышып жатат деп ойлоптурбуз. Көрсө кептин төркүнү башкада тура. Ал медицина тармагына чуу жаратып, адам өлүмүнө алып келген препаратты Кыргызстанга киргизип жиберген Гүлбара Кулушеванын колдоочусу да, коргоочусу да экен.

Кулушева болсо дары-дармек департаментинин фармакология комитетинде иштеп жүргөн кезинде элдин жүрөгүн түшүргөн “ФС-1”деген препаратка уруксат бере коюп, ал кургак учук менен ооруган адамдарга колдонулуп чуу чыккан. Адистердин айтымында, ал дарынын курамы жалаң йоддон тургандыктан туберкулезго колдонууга болмок тургай, жакын жолотууга болмок эмес экен. Ошондой эле “Тонгкат Али” деген биокошулманы дары катары каттатып салгандыктан казынага салык түшпөй, экономикага оңбогондой эле зыян келген…

Бул боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы атайын текшерүү жүргүзүп, одоно мыйзам бузуу фактыларын аныктаган. Бул боюнча кылмыш иши да козголгондугу маалымдалган. “Тонгкат Али” биокошулмасын дары катары катталып калгандан кийин автоматтык түрдө салыктан бошоп кетет. Мындан улам, Кулушева бул биокошулманы алып келген фирмалар менен жең ичинен соодалашып, ич ара тил табышып алганбы деген суроо жаралбай койбойт. Демек, бул жерде коррупциялык иш аракеттер болгонбу деген маселени укук коргоо органдары кылдат иликтөөгө алып териштирсе, тири укмуш фактылардын башы ачылчудай. Медицинага мына ушундай жоруктары менен аты чыгып жаткан Кулушеваны Аида Исмаилова “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбай”, анын мыйзамсыз аракеттерине көз жумду мамиле жасап, ошол эле маалда медицина жөнүндө кыйкырып чыкса, анан ага ким ишенип, ким эл өкүлү деп үмүт артат?

Депутат Аида айым саламаттыкты сактоо тармагын текшерип, анча-мынча нерселерге справка жазып, парламенттин трибунасынан медицинага чындап күйгөндөй таасир калтырууда. Макул, балким чыны менен көтөрө турган маселеси бардыр. Бирок кеңешчисинин улам бир былыгы калкып чыгып жатса, аны эмнеге көрбөйт? Кулушеванын жоруктарына анын үн катпаганынын себеби эмнеде деген суроо туулат. Буга чейин медицина менен кымындай иши болбогон Исмаилованын бир заматта эле саламаттыкты сактоо тармагынын серепчиси болуп чыга келиши күмөн ойду жарата баштаган. Көрсө медицинаны каалагандай калчагысы келген, өлкөнүн казынасын эмес, өз кызыкчылыгы үчүн биокошулманы дары деп салыктан бошотууга жетишкен акыл кошчусу Кулушеваны коргоп саламаттыкты сактоого ичи ачышып жаткан экен да. Эгер, эл өкүлү медицинага чындап күйүп-бышканы чын болсо, анда өзүнүн кеңешчисинин мыйзамсыз аракеттерин алгач алып чыгышы керек. Эгер, ал мындай кадамга барса, анда эл ишенет. Жок, муну жасай албайбы, анда эл ишеним артпайт. Башкача айтканда, Кулушева аралашкан “ФС-1” препаратын эмнеге киргизип жиберишкендигин, “Тонгкат Али” биокошулмасын эмнеге дары деп каттатып жибергенине жооп издеп көрүшү кажет. Башкасын коюп, мына ушул эки суроого жооп бериши абзел.

Башкы прокуратура, Коопсуздук кеңеши бул маселеге кылдат мамиле кылбаса, Кулушева депутатты крыша кылып алып, апакай адис болуп чыга келүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүдө эч кимге аёо болбойт деп катуу эскерткен жайы бар. Кулушева Исмаилованы эш тутуп, суудан кургак чыгам деп ойлойбу? Өлкө башчы мыйзам баарына бирдей деген талап койду. Демек, Кулушеванын мыйзамсыз иш аракеттерин тиешелүү органдар аныктаса, саламаттыкты сактоо жөнүндө саймедиреп жаткан Аида Исмаилова кеңешчиси үчүн жер карап калышы толук ыктымал.

Акыркы маалыматтарга караганда Исмаилова Кулушеваны Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу бир кызматына же дары-дармек департаментине алып келүү үчүн буту-бутуна тийбей чуркап жүргөндүгү айтылууда. Мына ушундай фактылары далилденип жаткан кеңешчисин өтө жоопкерчиликтүү деп саналган орундарга койгусу келип жатса, анда депутаттын бул аракети кесипкөй адистердин нааразычылыгын жаратып алышы толук мүмкүн. Булар медицинаны колго алып, убактылуу кызыкчылык үчүн чуркаган өзүнчө топко айланып алышканбы деген суроо таң калтырат. Башкы прокуратура булардын ишмердүүлүгүнө байкоо салбаса, дагы эмненин ичинен чыгышат, дагы кайсы коркунучтуу дарыны киргизип жиберет, аны бир Кудай өзү билбесе, бизге ал жагы туңгуюк.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: “Фабула”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: