Эсеп палатасы тим эле англистердин “палата лордов” сыяктуу статуска ээ. Болбогон эле инспектору телефон чалса, биздин мамкызматчылар тикесинен тик туруп кызмат кылышат. Бул жийиркеничтүү көрүнүш. Жакында жөнөкөй доктур кыз Нурзат Жумалиева жазып чыкты. Эсеп палатасынын инспектору Айгүл Солпиева “алыскы тууганым жыгылып, комада жатат” деп Саламаттык сактоо министрлигине айттырат. Доктур Жумалиеваны жумуштан кийин мамлекеттик “санавиациянын” тез жардам машинеси менен Кочкорго жөнөтүшөт. Алар башка иштерди таштап, чапкылап барышса, баягы комада жатчу келин ооруканада эмес эле, куландан соо болуп үйүндө жүргөнүн көрүшөт. Баары бир, ал келинди машинеге салып, кайрадан эле мамлекеттин эсебинен текшертишет. Эч кандай деле чоң травма чыкпай, “жин” тийбестиги аныкталат. Ошол убактысы, мамлекеттик каражат текке кеткенине, башка оор оорукчан мекендештерге кызмат көрсөтүлбөгөнүнө арданган доктур Нурзат жаны кашайып фейсбукка жазат. Биз дагы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Эсеп палатасынын төрагасы Марипов Улукбекке Нурзат жазган маалымат чын болсо, Айгүл Эсеп палатасында бир мүнөт да иштөөгө укугу жок экенин, калган кызматкерлериңизге да катуу эскертүү берүүсүн кайрылат элек. Болбосо, бул иш акыры келип өзүнүн башына тийген муш болмокчу. Эсеп палатасындагылар элдин кызыкчылыгын талаша турчу жерде, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына пайдаланышпасын!
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ