Menu

Памирлик кыргыздар кайра кетишеби?

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү бир аз бөлүгү Кыргызстанга көчүп келген памирлик кыргыздар тууралуу соцалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүүдө. Анда бир жыл мурда тарыхый мекенине билим алуу, отурукташуу үчүн келген туугандарыбыз Ооганстанга кайра кетүүгө камынып жатышкандыгы боюнча талаш-тартыштар айтылууда. Мындай имиштер өткөн жумада ЖК депутаты Ж.Акаев пар­ламент трибунасынан “Памирлик кыргыздар кайра кетүүгө камынып атышат…”,- деген билдирүүсүнөн кийин пайда болгон. Ким билет, ушундай ишаараны эле күтүп турушканбы, айтор кээ бирөолөр кыргыз бийлиги памирликтерге өгөй мамиле жасап, ал тургай ыдык көрсөтүшкөндүгүн да айтып, жаза башташты. Чын, бышыгы тактала элек маалыматтарга караганда, бир жергиликтүү бай койлорун бактырып, акысын бербей койгон имиш. Бирок жыл сайын Ооганстандын Памир аймагында тагдырдын тамашасы менен чокусу асман тиреген Памир тоосун мекендеп калган кыргыздарга жардам жеткирилгенден улам, аларды Кыргызстанга биротоло көчүрүп келүү идеясы жаралган. Ошентип кыргыз өкмөтү алгач балдарды окутуу үчүн алып келүүнү колго алып, үч миң үй-бүлөнүн айрымдары көчүрүлүп келип, Нарын облусуна жайгаштырылган. Алгач ден соолугу текшерилип, материалдык жактан камсыздандырылып, жергиликтүү шартта жашоо үчүн адаптациялык процесстерден өтүшкөн. Ал тургай сүйлөгөн сөзү, кийген кийимдери да экзотика ка­тары көрүнгөн. Сыягы, андан кийин бийликтин да, коомчулуктун да памирликтерге кызыгы азайып, өздөрүнүн түмөн түйшүгү менен алпурушуп калышса керек. Балким, жогоруда айтылган коюн бактырып, акысын бербей койгон учурлар да катталгандыр. Ал эми миграция кызматы менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү памирликтер каникул учурунда ал жактагы туугандарын көрүп келүү үчүн гана жөнөп жатышкандыгын айтууда. Демек, күзүндө алар кайра келишеби же жокпу, ошого карап маселенин төркүнү ачыкка чыгат окшойт.

Булак: “Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: