Menu

Тажикстанда жол эрежесин бузгандарга калктын даттануусу боюнча айыппул салынууда

Бөлүшүү:

Душанбенин МАИ башкармалыгы борбордун жашоочуларын жол эрежесин бузгандар тууралуу кабар берип турууга чакырды. Калктын билдирүүсүнөн кийин эреже бузгандыгы аныкталган 30га жакын айдоочу айыппулга жыгылды.

Мекеме шаардыктарды веб-сайты аркылуу кызматташууга чакырып, ал жерге жол эрежесин бузгандардын сүрөттөрү менен видеолорун жөнөтүп турууну сунуштады. Мындай демилге Душанбе МАИ башкармалыгынын башчысы Шариф Назарзода тарабынан демилгеленген.

Душанбеде бир нече жыл мурда «Коопсуз шаар» долбоору башталып, анын алкагында шаардын негизги көчөлөрүнө видеокамералар орнотулган. Бирок буга карабастан жол эрежесин бузуу учурлары бардык көчөлөрдө болуп турат.

2010-жылдан бери Тажикстанда 7,5 миллион жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Алар боюнча төлөнгөн айыппулдардын эсебинен мамлекеттик казынага 175 миллион сомони же 20 миллион доллар каражат түшкөн. Бул убакын ичинде жол кырсыктарынан 3,5 миң киши каза болгон.

Жыл сайын өлкөдө 1,5 миңге чейин жол кырсыгы катталат. Буга байланыштуу жакында эле өлкө президенти Эмомали Рахмон тынчсыздануусун билдирген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: