Menu

Изумрутхан, экстрасенс: Президент Жээнбеков элдин үмүтүн актап, мамлекет үчүн жемиштүү иштеп берет, Атамбаев мындан ары саясатка таасир эте албайт

Бөлүшүү:

Парапсихолог-экстрасенс Изумрутхан азыркы президент менен экс-президенттин ортосундагы мамиле сууп, акыры экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер болоору тууралуу буга чейин ММКнын биринде маек берген эле. Бул парапсихологдун айтканы учурда туура чыккандыктан биз дагы ага атайын саясатка байланыштуу эки-үч собол менен кайрылган элек. Изумрутхан айым болгонун ачык айтып төмөндөгүдөй жоопторду берди.

-Сиз буга чейин массалык маалымат каражаттарынын бирине саясатка байланышкан маек берген элеңиз. Ошондо азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосунда пикир келишпестик болуп, экөө акыры эки жээкке кетээрин ачык эле айткансыз. Чындыгында экөөнүн мамилеси мурдагыдай болбой калганы жалпы коомчулукка деле белгилүү болуп калды. Сооронбай Жээнбеков эми биротоло өзүнүн жолу менен кетеби, же мурунку президент дагы деле саясатка таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

—Сооронбай Шарипович өзүнчө партия түзөт окшойт. Учурда азыркы парламенттин тарашы-тарабашы тууралуу маселелер козголуп жатат. Ал эми парламенттин мөөнөтүнүн аягына чейин иштөөсү Жээнбековго байланыштуу болот. Президент парламентти кааласа 2020-жылга чейин иштетип, же болбосо таратып жиберет. Мурунку президент болсо мамлекеттик иштерге көп деле кийлигише албай калды. Негизинен экөөнүн жолу эки башка болгондуктан Атамбаевдин ою жакшы болбой жатат. Жээнбеков күчтүү болуп баары бир өзүнүн саясатын жүргүзөт.

—Дегеле азыркы президент элдин үмүтүн актай алабы?

—Эл азыркы президенттен аябай үмүт кылгандыктан ал киши дагы аракет кылып жатат. Президентке өзүнүн командасы менен иштөөсү үчүн кадр маселесинде көптөгөн тоскоолдуктар болушу мүмкүн. Бирок мындай жагымсыз көрүнүштөр убактылуу гана болгондуктан акыры президент элдин үмүтүн актап Кыргызстан үчүн жемиштүү иштеп берет. Анткени мурунку президенттин жолу менен кетпей өзүнүн программасын ишке ашырат.

—Азыркы өкмөткө карата “Балдар кетип, чалдар келди”-деген дагы сын-пикир айтылды. Андан тышкары спикердин ишине дагы ыраазы болбогондор дагы көп болууда. Булар тууралуу сиз эмне демекчисиз?

—Абылгазиев көптөгөн кыйынчылык менен иштейт. Ошон үчүн колунан келишинче аракет кылат. Бирок азыркы Өкмөт деле отставкага кетүүсү мүмкүн. Мындан тышкары спикер деле ишти жакшы алып кете албай бир топ кыйынчылыктарга туш болот.

Нуркемел Исаев

Булак: “Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: