Menu

Украина президенти журналист Бабченко өлтүрүлбөгөнүн билген

Бөлүшүү:

Украинанын президенти Петр Порошенко орусиялык журналист Аркадий Бабченконун өлүмү атайын кызматтын операциясынын алкагында жасалган иш болгонун билгендигин айтты.

«Бул тууралуу менден башка администрацияда эч ким билген эмес. Мен мындан башкача болмок эместигине ишенем», — деди Порошенко Бабченко менен жолугушуу маалында.

«Журналистке кол салууга Орусиянын аймагынан буйрутма берилиши — бул Украинадагы абалды туруксуздаштыруу аракети. Алар украин бийлиги натыйжасыз иштейт деп көрсөтүп, аны менен бирге Орусиянын душманын өлтүрүүнү каалашкан», – деди Порошенко. Ал Бабченконун өмүрүн сактап калуу боюнча операциясы үчүн Коопсуздук кызматты куттуктап, журналист менен анын үй-бүлөсүн күнү-түнү кайтарууну тапшырды.

Киевде орусиялык журналист Аркадий Бабченко өлтүрүлгөндүгү 29-майда кабарланган. Бирок эртеси анын тирүү экендиги белгилүү болгон. Журналисттин өлүмү атайын кызматтын операциясынын алкагында жасалган иш экени айтылган.

Украинанын коопсуздук кызматы кол салууга шектүү адам кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, бул ишти аткаруу үчүн орусиялык атайын кызмат тарабынан жалданган украин жаранына 30 миң доллар төлөнгөн. Бабченкого кол салуудан тышкары алар Киевде теракт жасоого даярдангандыктары дагы айтылды.

29-майда атайылап адам өлтүрүү беренеси боюнча козголгон кылмыш иши теракт беренесине өзгөртүлдү. Бул ишти иликтөө менен Украинанын Коопсуздук кеңеши алектенет.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: