Чоң алачыктай болгон Мантай аттуу бирөө бар. Жаш кезинен тарта рекетпи, бажычыбы, коммерсанты, айтор, учурда чиригенче байып, чоңдорго чай берүү менен машакаттанганын көрсөң, жандан түңүлөсүң! Катуу чуркап, аяк-быяктан чыгат го?.. Совет-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде «Ордо» аттуу көп кабаттуу үй жана ресторан-кафеси менен чардап жатчу жери бар. Бу жакка убагында Абдил Сегизбаев, Болот Сүйүмбаев сыяктуу күч органдарынын башчылары барып, Мантайдын сыйын өкүртө көрүп турушчу. Анан заман өзгөрүлүп, берки эки генерал кызматтарынан шыпырылган соң «Ордого» кире албай калыштыбы? «Күндүк өмүрүң болсо, туштүгүңө жорго мин» дегендей, Мантайдын буйтап кетме жактарын билбейт белеңер? Кимдин колунда бийлиги болсо, ошол үчүн кызмат кылуу замандын талабы болуп атса, башкасын айтып не дейсиңер?..
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ