Menu

Өткүрбек мококтугун көргөздү

Бөлүшүү:

Башкы порокурор Өткүрбек Жамшитов 30-майда Жогорку Кеңеште отчет берди. Тилекке каршы, башкы прокурордун атына заты жарашпай, өткүр эмес, мокок экенин көрсөттү. Депутаттардын дээрлик баарынын суроосуна конкреттүү, так жооп бере алган жок. Карап жатабыз, иликтеп жатабыз, тергелип жатат, кат жүзүндө жооп берейин, менде андай маалымат жок экен деген сыяктуу жооптор менен чектелди.
Таптакыр жооп бере албай, бозала болгон учуру дагы болду. Маселен, депутат Дастан Бекешев башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон Кыргызстанда канча Уюшкан кылмыштуу топ (УКТ) катталгандыгын сурап, «Камчы Көлбаев да УКТ мүчөсүбү» деген суроону кабыргасынан койду. Баш прокурор «Чындыгында эле Камчы Көлбаев УКТга кирет» – деп жооп кайтарды. Депутат: «Андай болсо эмне үчүн Камчы Колбаев эркиндикте жүрөт? Бул туура эмес да» – деп нааразы болду. Ал эми депутаттын бул суроосуна баш прокурор жооп айта алган жок.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: