КР Жогорку Кеңешинин депутаттары менен боордош Казактандын Кыргызстандагы элчилигинин ортосундагы достук-ынтымакты чындоо максатында демилгеленген кичи футбол боюнча мелдеш элчиликтин командасынын жеӊиши менен аяктады. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Жогорку Кеӊештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Пархат Тулендибаев, Жаныбек Бакчиев, Жыргалбек Турускулов, Бактыбек Сыдыков, Умбеталы Кыдыралиев, Музафар Исаков курамына кирген депутаттык команда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев баштаган дипломатиялык команда менен беттешти.
Негизинен жаштардан куралган дипломаттардын футболчулары өз талаасында мыкты оюн көрсөтүшүп, Эл өкүлдөрүн жеӊип алышты. Ал эми Жогорку кеӊештин депутаттары алгачкы оюндан алган шыктануунун демин суутпай, мындай мелдештерди байма-бай өткөрүп туруу демилгесин колдошту. Депутаттык команданын капитаны Жаныбек Бакчиевдин айтымында, кийинки оюндарда топ тебүүгө кызыккан депутаттардын саны арбып, жолдоштук беттешүү салтка айланып, эки тараптуу достук мамиленин чыналуусуна жаӊы дем бермекчи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ