Menu

КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөсү, депутат Осмонбек Артыкбаевге каршы кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-июнда Генпрокуратура билдиргендей, КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөсү, Энергетиканын экс-министри, азыркы КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаевге каршы КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

КР Генпрокуратурасынын тактаган малыматтары боюнча, 2012-2013-жылдарда “Электр станциялары” АККнын дарегине “Бишкек шаарынын ТЭЦин модернизациялоо” долбоору боюнча 4 компаниядан сунуштар келип түшкөн. Бул сунуштардын ичинен биздин өлкө үчүн эң пайдалуусу Кытайдын мамлекеттик СМЕС компаниясынан келип туушкөн сунуш болгон. Алар бул долбоорду $356 миллионго бүтүрүп берүүнү сунуштаган. СМЕСтин негизги ишмердиги – энергетикалык долбоорлор боюнча эл аралык контракттарды ишке ашыруу болгон. Ал эми кытайдын ТВЕА компаниясы ушул эле долбоорду $390 миллионго ишке ашырууну сунуштаган. Анын үстүнө ТВЕА мурун мындай долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы болгон эмес.

Ошого карабай 2013-жылдын 24-майында Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге КР Президенттик аппаратынын тышкы иштер саясаты бөлүмүнүн башчысы, аппараттын жетекчисинин орун басарынын рангындагы Сапар Исаковдун жана каржылык–экономикалык бөлүмүнүн башчысы, аппараттын жетекчисинин орун басары рангындагы Нурсулуу Ахметованын ТВЕА компаниясына артыкчылык берүү тууралу КР президенти Алмаз Атамбаев кол койгон кызматтык каты келип түшөт.

Генпрокуратура белгилегендей, министр Артыкбаев 2013-жылдын май айынан тартып декабрга чейин бул контрактты даярдоо жана түзүү боюнча көп жолу кеңешме өткөрөт. Ал кеңешмелерде Артыкбаев ТВЕА компаниясы менен ал сунуштаган шарттарда тезирээк келишим түзүүгө көрсөтмө берип турган.

Ошол эле учурда ал өзүнүн орун басары Айбек Калиев менен, “Электр станциялары” АККнын директору Салайдин Авазов, анын орун басары Ж.Назаровдор менен бирдикте мындай учурда сөзсүз талап кылынуучу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) жана башка техникалык документтерди талап кылышкан эмес. Натыйжада 2013-жылдын 16-июлунда ТЭНи  жана башка техникалык документтери жок туруп, Кыргыз Республикасына кызыкчылыктарына каршы шарттарда ТВЕА компаниясы менен “Электр станциялары” АККнын ортосунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча эл аралык ЕРС (толук бүтүрүп берүү) стандарты менен $386 миллионго келишимге кол коюлат.

Түзүлгөн ЕРС контрагынын шарттары боюнча “Электр станциялары” АККсы модернизациялоону көзөмөлдөөгө жана курулуштун чыгымдарын азайтууга таасир берүү укугунан ажыратылган.

КР Эсеп палатасынын 2018-жылдын 12-апрелиндеги актысы боюнча жогоруда аталган контрактты түзүүдө конкретүү смета болгон эмес, сметанын негизинде ар бир позиция боюнча так эсептер чыгарылбаган. ЕРС формасындагы контрактты тандап алуу менен Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктары сакталбаган, ошондуктан азыр аткарылган жумуштардын чыныгы баасын тактоо мүмкүн эмес.

Анализдердин жыйынтыгында баанын айрымасы оточо эсеп менен $20 миллмонду түзөт. Долбоордун өзүн-өзү акташы, курулушка салынган каражаттын кайтарылышы жана экономикалык анализдин жоктугу кредиттин өзүн-өзү актабашына алып келет жана мамлекеттик активдерди жоготуп алуу коркунучун түзөт.

Генпрокуратура бул кылмыш ишин иликтөөнү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырды. Ал эми Тергөө башкармалыгы бүгүн Осмонбек Артыкбаевди суракка чакырды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: