Menu

Авазбек Асанов: “Билим берүүдө атаандаштыкты жаратмайынча, мугалимдердин сапаты жакшырбайт!”

Бөлүшүү:

Авазбек Асанов – Ош шаардык билим берүү башкармалыгын жетектейт. Дээринен демократ Билим берүү тармагында туруктуу атааандыштыкты жаратууну демилгелегендердин бири. Өзү дагы ушул тапта дал ушундай системаны түзүүнүн үстүндө үзгүлтүксүз мээнеттенип келатат..

– Авазбек агай, жалпы республикалык тестирлөенүн (ЖРТнын) жыйынгыгында жогорку чекти багындырыпсыздар. Мунун сыры эмнеде?

– Ооба. ЖРТнын жыйынтыгы республикабыз боюнча 121 упайды көрсөтсө, Ош шаары андан ашып, 123,8 упайды багындырды. Демек, Бишкек шаарынан кийинки эле орунду ээледик. Былтыркыга караганда 2,8 упай көбүрөөк топтодук.

ЖРТнын жыйынтыгына таянсак, билим сапаты Ош шаарында өтө жогорулагандыгын гана айгинеледи. Маселен, “Курманжан датка-Ош” лицейинин эки, “Сема” лицейинин бир, “Ага Хан” жеке мектебинин бир окуучусу Алтын сертификатка татышты. Албетте, мында мугалимдерибиздин аракети дагы абдан күч, а мээнети өтө чоң экендигин айтып коюуга тийишмин!

– Мугалимдердин диагностикалык аттестациясын (МДАны) өткөрүшүңүздөр деги оң натыйжасын берчүдөйбү?

– Ананчы! Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасы Кыргызстандын түштүк башкалаасында быйыл дагы Мугалимдердин диагностикалык аттестациясын (МДАны) өткөрүп, иш-чарага жалпысынан миңден ашуун агартуу кызматкерлери тартылды. Дараметти сыноонун бул заманбап түрү Ош шаарында үчүнчү ирет өткөрүлүп, бул ирет он эки предмет боюнча кызуу таймаш жүрдү. Сынак баракчасында кырк чакты суроо камтылып, ар бир предметке бир сааттан убакыт ыроолонду. Жыйынтыгында ким канча баа алгандыгы сыр бойдон гана сакталды. Бирок, сынакка катышкандар өз баллын атайын код менен билгенге жарашты. Мыкты көрсөткүчтү багындыргандар Ардак грамоталар менен сыйланышып, ошондой эле баалуу белек-бечкектерге дагы татышты.

– Байкашыбызча, соңку мезгилде түрдүү кароо-сынактарды үстөккө-босток уюштуруп келатасыздар. Деги мунун үзүрү барбы, ыя?

– Албетте! Билим берүүдө атаандаштыкты жаратмайынча, мугалимдердин сапаты дегеле жакшырбайт! Жанагыл биз байма-бай өткөрүп келаткан кароо-сынактардын негизги эле максаты – атаандаштык аркылуу агартуучулардын чыгармачылык менен иштөөсүнө туруктуу демөөр гана байлатуу, предметтик мугалимдердин ортосундагы байланыштарды ого бетер күчөтүү, алдыңкы тажрыйбаларды мектептерде кеңири жайылтуу.

– Авазбек агай, республикабызда биринчи ирет окуучулардын шаардык Олимпиадасын электрондук тартипте өткөрүп келатасыздар. Быйыл деле ушул салтты дагы улантасыздарбы?

– Ооба. Мындай ыкмага бекем ыктаганыбызга мына беш жылга айланды. Бардык иш-аракеттер онлайн түрүндө ачык бойдон чагылдырылып турат. Демек, мында жемкорлукка, тааныш-билишчиликке жана жең ичинен жардамдашууга биротоло бөгөт коюлду. Мындан тышкары мектептер аралык билим сапатын аныктаганга дагы мыкты шарттар түзүлдү. Мындай жөрөлгө жаратман окуучуларды сыйлап, жаңы ийгиликтерди багындырганга өбөлгө гана жаратып олтурат.

Акырында мыкты жетишкендиктерди жаратышкан алдыңкы мектептердин директорлорунун иш-аркеттери оң баага гана татыды. Ал эми запманбап иштөөгө моюн сунбаган, агартуу тармагын артка тартышкан он мектеп жетекчисине катуу чаралар көрүлдү.

Маалымат иретинде

Ош шаарында ушул тапта 78 мектеп бар. Мунун жыйырмасына мектеп-гимназия макамы ыйгарылган. Эки мектепте гимназиялык класстар ачылган. Эки Кыргыз-Түрк лицейи, эки жеке менчик лицей, мындан тышкары он тогуз менчик мектеп жаш муундарды заманбап окутуа-тярбиялап келатышат.

Алишер Токсонбаев

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: