Menu

Казакстанда банкирдин өлүмү боюнча Мухтар Аблязовго козголгон иш сотко жөнөтүлдү

Бөлүшүү:

Банкир Ержан Татишевдин өлүмүнө байланыштуу Мухтар Аблязовго каршы козголгон кылмыш иши Жамбыл облусунун райондор аралык сотунда каралат. Бул тууралуу Казакстан Башкы прокуратурасынын расмий сайты жазды.

Маалыматка караганда, Мухтар Аблязов «ТуранАлем» банкына өз көзөмөлүн орнотуу үчүн 2004-жылы Муратхан Токмади аттуу адамды 4 миллион долларга жалдап, банктын башкармалык төрагасы Ержан Татишевди өлтүрүүгө буйрук берген.

«Аблязовдун Казакстанда эместигин жана келүүдөн баш тарткандыгын эске алуу менен бул иштин сотко жөнөтүлгөнүн кабарлайт. Мындан тышкары Аблязов менен анын адвокаты келбегендигине байланыштуу Алматы шаардык коллегиясынын адвокаты дайындалды», – деп билдирди өлкөнүн башкы көзөмөл органы.

Татишев 2004-жылы өлтүрүлгөн. Алгач тергөөнүн жыйынтыгында ишкер аңчылык маалында кокустуктан улам курман болгону жазылган. Аңчылык учурунда Татишевдин жанында болгон Муратхан Токмади “өнөктөшүн кокусунан атып алган” деп айыпталып, бир жылга эркинен ажыратылган. Бирок 2017-жылы иш кайра каралып, Токмади атайын уюштурулган киши өлтүрүүгө барганын мойнуна алган. Ал кылмышка Аблязовдун опузаларынан кийин барганын жүйө келтирген. Токмади 2018-жылдын март айында он жарым жылга абакка кесилген.

Аблязов өзү социалдык тармактарда Татишевдин өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирип жүрөт. 2009-жылдан бери Европада жашаган Аблязов Токмадини тааныбай турганын айтып, ага тагылган айыптардын саясий мүдөөсү бар экенин кошумчалаган. 2017-жылдын июнь айында Казакстан соту Мухтар Аблязовду бир катар айыптар боюнча сыртынан 20 жылга абакка кескен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: