Menu

Камчыбек Ташиев: Жалал-Абаддагы мэр шайлоодо талапкерлердин бирине да жардам бербейм

Бөлүшүү:

Жакында, так айтканда 11-июнунда Жалал-Абад шаарынын мэрии шайлоо болот. Учурда бул кызматка бир эле “Ата-Журт” партиясы эки талапкер чыгарган. Бири шаардык кеңештин төрагасы Муратаалы Тагаев, экинчиси Шаирбек Ташиев. Мына ушул жагдайдан улам биз Камчыбек Ташиевге байланышсак, тоодо эс алып жүргөнүн айтып, суроолорубузга капыл-тапыл жооп берди.

– Саламатсызбы, Камчыбек Кыдыршаевич? Сизге Жалал-Абад мэрии шайлоо боюнча суроолорубуз бар эле, кайдасыз?

– Рахмат, саламатчылык. Мен тоодо жүрдүм эле. Улуу Рамазан айында тынч эле, саясатка аралашпай, эс алууну чечтим. Эми атайын кайрылгандай кийин, мейли, сурооңузду берип көрүңүз?

– Биз сизден Жалал-Абаддагы мэр шайлоо боюнча сурагыбыз келди эле. 11-июнда мэр шайлоо болот. Учурда мэрлик кызматка талапкер катары эки адам катталыптыр. Бири бир тууган ининиз Ш.Ташиев, экинчиси ал да “ата-журтчу” М.Тагаев. Сиз бул боюнча эмне айта аласыз?

– Мэрди шаардын депутаттары шайлашат. Демек, алар кимиси татыктуу экенин билишет. Мурат Тагаев “Ата-Журттан” эки жолу шаардык кеңештин төрагасы болду, Шайырбек да үч жолу шаардык кенешке депутат болду.

– Ошондо сиз кимисине “болельщик” болосуз?

– Экөө тең менин инилерим. Кимиси болсо да шаарыбыз, элибиз үчүн ак кызмат кылып берсе болгону. Эл үчүн күйгөн, “иштеп, журтумдун керегине жарайын”- деген адамдар.

– “Мурат Тагаевди Асылбек Жээнбеков колдоп жатат, себеби, кан кудалар экен” деп Жалал-Абадда чон резонанс болуп жатат?

– Мен билгенден, Тагаевдердин Асылбек Жээнбеков менен куда болушканына эки айдын жүзү болду. Мурат Тагаевдин менин жанымда жүргөнүнө 10 жылдан ашып калды. Ошондуктан, кудалыктын бул мэрлик шайлоого эч кандай тийешеси болбошу керек. Асылбек Жээнбековду мамлекетчил инсан катары билем, ал тууганчылыкка жол бербейт!

– Экөө тен жакын ининиз болсо, анда аларды олтургузуп эле өзүңүз чечип койбойсузбу?

– Экөөнүн тең элибизге, шаарыбызга ак кызмат кылып берем деген күчтүү тилектери бар экен. Ошондуктан, атаандашып, акыйкат күрөшүп, жеңүү, жеңилүү дегенди сезишсин. Кимиси жеңген күндө да, менин татыктуу кадрларым бойдон кала беришет.

– Демек, экөөнө тең жардам бербейт экенсиз да?

– Ооба, бул шайлоодо экөөнө тең жардам бербейм. Бир да адам менен жолугуп сүйлөшпөйм. Шайлоо өтүп кеткиче Жалал-Абад шаарына да барбайм. Шайлоо бүткөндөн кийин кимиси мэр болуп шайланса, жардам берүүгө милдеттүүмүн. Элибизге ак кызмат кылууга аларды багыттап турам.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: