Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын ишмердиги жөнүндө кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Мухаммедкалый Абылгазиев  «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын ишмердиги жөнүндө кеңешме өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«МКУ» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Жумагүл Эгамбердиева учурда дээрлик 86 миң үй камсыздандырылганын маалымдады.

«Турак жайларды жаратылыш кырсыктарынан жана өрттөн камсыздандырууда калктын 80%ында камсыздандырууга зарыл болгон документтердин жоктугу негизги көйгөй болуп саналат.  Буга байланыштуу үйлөрдү эксплуатацияга жеңилдетилген берүү жана калкка техникалык паспортторду төмөндөтүлгөн баада же акысыз негизде берүү кампаниясын жүргүзүү зарыл», – деди ал.

Жумагүл Эгамбердиева «МКУ» ААК эки жылдын ичинде  калкка жалпы суммасы 17 млн 653,8 миң сом камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзгөнүн кошумчалады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев камсыздандыруунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү максатындагы иштерди активдештирүүнү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин баалоо критерийлеринин бири катары камсыздандырылган үйлөрдүн санын белгилөөнү тапшырды.

«Мекендештерге мүлктү камсыздандыруу маданиятын сиңирүү зарыл. Бул чара жаратылыш кырсыктарынан, өрттөн жабыркагандарга натыйжалуу жардам көрсөтүүнү шарттайт жана мамлекеттик бюджетке келтирилген күчтү жеңилдетет», – деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.

Премьер-министр турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандырууда аймактардагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук администрациялардын башчылары, айыл өкмөттөрү жана өлкөнүн тиешелүү министрликтери жана ведомстволору менен биргеликте иш-чараларды күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө турак жайларды өзгөчө кырдаалдардан милдеттүү түрдө камсыздандыруу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: