Атамбаевдик режимде шыбакчынын ролун ашкере аткарып, жалаа менен камалган саясатчыларды армансыз каралаган Илим Карыпбеков дагы деле креслосунда тырмышып отурат. Кептин ток этери, эгерде Илим эркек болгондо, анда мурдагы бийликтин заказдарын аткаруучу катары бүгүн өзүн күнөөлүү сезип, кызматтан өз арызы менен кетип калмак да. Этиканы, моралдык жагдайды эске албай эле бетиндеги «ылайды» сүртүп салып, кайрадан президенттин аппаратын алдап, кошомат кыла берсе, жыргал жашоосу улана береби? Кызыгы, өткөн күздөгү президенттик шайлоо астында Илимиңер түнкүсүн Бабановдун көңүлүн алып чуркап жүргөнү ырасталабы? Ойноок неме кетпейби? Баса, КТРКдагы Н.Айып, Ж.Арыкова, К. Арипова, Ч.Капарова, К.Атабеков сыяктуу бир топ татыктуу кадрларды куугунтуктаганы менен айыбы ачыла баштаганын көрүп атабыз го! Айтор, Карыпбеков КТРКдан кетпесе, бийликтин бетине сүйкөлгөн көө катары кедерин тийгизерине ишенип койгула.
Сакен Бөрүбаев
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ