Бүгүн, 13-июнда КР Жогорку соту абактагы саясатчы Садыр Жапаровду 11,5 жылга кескен Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 2-августундагы жана Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 17-сентябрындагы өкүмдөрүн күчүндө калтырды.
Жогорку соттун өкүмү угулары менен соттук залда Садыр Жапаровдун тарапкерлери чоң ызы-чуу салышты, сотторду жана бийликтерди каргап, наалаттарын айтышып, сот өз чечимин акыр аягына чейин окуй алган жок.
Атамбаевдик режим Садыр Жапаровду “Кумтөр” алтын кениндеги коррупциялык схемалардын бетин ачып чыккандыгы үчүн куугунтуктап, 2013-жылы Саруулуктардын митингин каржылаган, Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыптап, камакка алган.
Бирок Каптагаев өзү бул далилденбеген факт деп жарыялап, сотто Жапаровго дооматы жок экенин билдирип келет.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ