Эртең – Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнү. Ага карата Улуттук “Кызыл ай” коому тарабынан шаардагы медициналык колледжинде ыктыярдуу донорлор сыйланды. Бул туралуу Жалал-Абад мэриясынын маалыматтык борбору билдирет.
2017-жылдан тарта областтагы Улуттук “Кызыл ай” коому Жалал-Абаддагы Кан борбору менен биргеликте ыктыярдуу донорлордун санын көбөйтүү аракеттерин көрүп келет.
Соңку жылдарда өлкөдөгү донорлор саны кыскарганы менен Улуттук “Кызыл ай” коомунун тактаган статистикасы боюнча Жалал-Абад областы өлкөдө алдыда баратат. Ошого карабастан оорулуулардын ден соолугун, өмүрүн сактап калуу үчүн канга болгон муктаждык күн санап өсүүдө.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад областтык Кан борборундагы 50 кызматкер област аймагындагы медициналык мекемелерди кан менен камсыздап келет.
Област аймагында төрт жарым миң ыктыярдуу донорлор болсо, алардан 80и 30 жолудан ашуун кан тапшырган Ардактуу донорлор эсептелет. Азыркы тапта Кан борбору жылына эки жарым миң литр кан даярдап келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ