Menu

 Парламент менен Панкратовду «болк!» эттирген «зам»

Бөлүшүү:

Шаршембидеги парламенттин жалпы отурумунда депутаттар мамлекеттик обьектилерди мен­чиктештирүү тууралуу жаңы мый­зам долбоорун талдап жатышкан­да, депутаттар аталган мыйзам­дын долбооруна «эмнеге», анан «андай-мындай», «каршымын» де­ген сыяктуу кептерин айтып кый­гачтай бергенинде экономика ми­нистринин орун басары Элдар Аба­киров «Кыргызстанда жакшы чар­бачыл адам жок» деп салды. Төрдө олтурган төрага шибеге менен сай­гандай чочуп, замминистирдин ай­ткан сөзү үчүн ошол жерден кечи­рим суроону талап кылса болобу. Төрага Жумабековдун пикиринде «Абакировдун мындай билдирүү жасоого укугу жок» экен. «Сизге мындай укукту ким берди? Саясатка кийлигишпеңиз!»-деп кирсе болобу.

Спикер менен министрдин орун басарынын ортосундагы кайым айтыш маммүлктү сатууга кара­та сындуу көз карашын билдирген депутат Ирина Карамушкинанын пикиринен кийин башталып кетти. 120лардын башчысынын опурулга­нына Карамушкина да жөн отурган жок, депутат айым «жаш кадрларды урушпаш керектигин» билдирип, Абакировго болушуп чыкты. «Алар да кырдаалды байкашат. Алар чын­дыгында бир нерсени жакшы жакка өзгөрткүлөрү келишет. Бирок кол­доо сөзүн айтуунун ордуна теске­рисинче биз аларга этиканы бузуу жана кызматтык ыйгарымдарынан аша чаап жатышканы тууралуу ай­тып атабыз. Биз ылайыктууларды өстүрүп жатабыз. Жаш кадрлар мам­лекеттик кызматка келип, тынч оту­рушат, анткени ашыкча бир нерсе айтып алуудан коркушат», деди Ка­рамушкина.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: