Кечээ, 26-июнда болжол менен саат 15:30да Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда Одиссей” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа сүзүшүп, 3 адам жаракат алган.
Жабыркаган адамдардын бири Улуттук госпиталга, экөө Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилген.
Бишкектеги №4 ооруканасынан журналисттерге маалымдашкандай, жол кырсыгынан жабыркаган ырчы Асел Кадырбекова ооруканага оор абалда жеткирилген. Ал учурда эс-учун жоготуп, жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Аталган оорукананын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбековдун айтымында, ырчы айымдын акыреги сынып, башынан оор жаракат алган. Ал дагы эле эс-учуна келе элек. Учурда анын ден-соолугунун абалы өтө оор деп бааланууда.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ