Menu

Замир каары Ракиев: Орозо айтта курмандык чалуу милдет эмес

Бөлүшүү:

Улуу Рамазан айынын касиеттуу кадыр түнү алдында Замир ажы менен эртеңки орозо айт, андагы парз кылынган ислам дининдеги айныгыс эрежелер боюнча азыноолак маектештик.

-Каарыке, ачып көзду жумгуча улуу Рамазан айы да соңуна чыгып, Орозо айт майрамына кирип келдик. Орозо айттын эрежелери боюнча айтып кетсеңиз. Айт намазына чейин оозду ачпай, намаздан соң гана даам сызыш керек деген өңдүү пикирлер бар. Орозо айттагы курмандык чалуунун да күнгөй-тескейинен кеп салып берсеңиз?

– Бисмиллахир рахмонир рахим! Ошентип, Жараткан Алланын улуу айын аяктаар алдында турабыз. Жакында Ташкент шаарында Казахстан, Өзбекстан, Кыргызстан дин башкармалыктарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болжолдуу 15-июнга Орозо айт майрамы бекитилди. Негизи мусулман баласы пенде болгон соң өзүнүн башына жакшылык же мейли жамандык, айтор, башына кандай иш келген күндө дагы эң биринчи эч кимге айтпастан өзүнүн жаратуучусу болгон Жараткан Алла Таала менен бөлүшкөнгө милдеттүү. Рамазан айы отуз күн бою кубаныч менен орозо тутуп, күнөөлөрдөн арылып, эбегейсиз соопторго ээ болгон күндөр болуп эсептелет. Отуз күндүк мындай орозодон кийин биздин динибизде милдеттүү түрдө эркектер арасында айт намазы окулат. Айт намазга баруу шарттары динибизде толук баяндалган. Алгач денеге гусул кылып, толук түрдө жуунуп-тазаланып, өзү жакшы көргөн эң жакшы кийимдерди кийип, жыпары аңкыган атырлардан себинип, айт намазга бара жатканда жолду карай дуба айтып, Кудай Тааладан тилек кылып, эки рекет айт намазын окуп кайтышат. Ар бир момун мусулман бул күнү үйлөрүндө майрамдык маанай менен айтты тосуп, колунан келгендери курмандык чалышса да болот. Айт майрамын бул дүйнөдөгү эң кубанычтуу күн катары жакындарыбыз, бир тууган, ата-энелерибиз менен бөлүшкүбүз келген сыяктуу өтүп кеткен ата-баба, ага-тууган, жакындарыбызга арнап касиеттуу Курани каримдерибизди окуп, дубаларыбызды багыштасак сообу эң көп болот. Айт намаз күндөрү дуба кабыл болуучу күндөр. Бул ыйык күндө жакшы тилек, дуба кылсак, кабыл болот. Ал эми үйдөн Орозо айт намазына жөнөөрдө шүгүр деген абалда бир аз даам ооз тийип чыкса ашыктык кылбайт. Ал эми Курман айтка болсо эртең менен ачкарын чыгып, айт намазынан соң оозго наар алуу андан жакшыраак болот. Башта айтканымдай, Орозо айт күнү курмандык чалуу милдет эмес. Бирок, мүмкүнчүлүгү жетип, шарты барлар курмандык чалып койсо, эң жакшы соопторго эгедер болушат.

Баш калаадагы Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан өлкө аймагында эң чоң мечит катары белгилүү болгон миңдеген момун мусулман туугандарыбыз күтүп жаткан бул ыйык үйдүн ачылышы качан болот? Негедир бул мечиттин ачылышы кечеңдеп жатат го?

– Биз жакынкы убактарда эл аралык чоң конференция уюштурууну ниет кылып жатабыз. Бул убакыт күзгө карай Көчмөндөр оюну болжолдонуп жаткан мезгилге туш келиши да мүмкүн. Ошол эл аралык конференция, анан да Көчмөндөр оюну өтчү убакка туштап өлкөбүздөгү эң чоц мечиттин ачылышын кылсакпы деген ушундай максаттарыбыз бар. Азыр бул мечиттин дээрлик 90% курулушу аяктады. Анча-мынча калган иштери азыр кызуу темпте жүрүүдө. Ошол иштер жыйынтыкталса эле буюрса ачылышына даярдыгыбызды көрөбүз.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: