Кечээ, 15-июнь күнү саат 16:30 чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Б.Мамбетов айыл аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел кетипп, Ак-Сай айылындагы 32 турак үйдүн короолоруна, Көк-Сай айылындагы 5,5 га айдоо аянттарын жана Тогуз-Булак айылындагы 40 метр ички чарбалык жолду сел суулары каптаган. Андан сырткары, Ак-Сай айылындагы селден коргоочу дамбанын 4 метр жерин суу жууп кеткен. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Селдин кесепеттерин жоюу үчүн КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн 5 куткаруучусу, айыл аймактан 1 экскаватор, 20 адам, №33 ЖТИден 1 грейдер тартылган.
Селден коргоочу дамбанын суу жууп кеткен 4 метр жери айыл аймактан бөлүнгөн 100 даана капка кум толтурулуп бекемделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругунун негизинде, кырдаалдын кесепеттерин жоюу иш-аракеттерин көзөмөлдөө жана тиешелуу тапшырмаларды берүү үчүн бүгүн министрдин орун басары Алимбеков Давлетбек Тон районуна жөнөп кетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ