«Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын» позициясындагы жетекчилер мамлекет тамырын чиритип, анын байтүп дарагын кууратууга салым кошуп жатканын түшүнөт болду бекен? Таң, ага акылы да, дарамети да жетпесе керек. Айталы, Өкмөттүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов күн өткөн сайын өзүнүн өтө чабал жетекчи экендигин айгинелеп келет. Бул кызматта олтурганына толук 3 жылдын жүзү болду, кыйратып бир иш алып барганын, кайсы бир тармак боюнча демилге көтөрүп ишке ашырганын көрө элекпиз. Эт менен челдин ортосунда олтурганы олтурган. Аныгында Чүйдүн жүгүн көтөрүп, туу болуп берчү чыйрак, тирикарак жигиттер жок эмес. Кудайбергеновго окшоп куурай башын сындырбастан премьер-министр Сооронбай Жээнбековду ээрчип алып эл кыдырып каада күткөндө эл тирденеби? Бактыбек мырза анчалык эл-жер аралагыч экен, өзү жетекчи катары эл аралап койгонго жарадыбы? Жарай элек. Жараксыз темирдин кимге кереги бар?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ