Menu

Абылкасым Бегалиев: Мен ойлоп тапкан таш шырдак дүйнөгө бренд болуп каларына көзүм жетет

Бөлүшүү:

Абылкасым мырзанын тапкычтыгына адамзат таң берсе болгудай. Мындан 2-3 жыл мурун кыргыздын кадимки шырдагын үлгү катары алып брусчаткаларды (таштаман) ойлоп тапканын айта отурду. Башында баары эле ойдогудай боло бербептир. Ары түйшөлүп, бери түйшөлүп, акыры бир нукка түшкөнүн өз көзүбүз менен көрүп кайттык. Алгы иштерине биз да кубанып, аны кубаттап отурабыз.

-Абылкасым мырза, сөздүн кыскасы, баары эмнеден башталып отурат?

– Өлкөбүз эгемендик алган күндө төрөлгөн балдарыбыз 27 жашка чыгып отурат. Мамлекет ошол балага жумуш таап, анын келечегине түзмө-түз камкордук кылганга чама-чаркы келбеди. Андайдан ал эле эмес биз үмүтүбүздү үздүк. Ошондон улам ары ойлонуп, бери ойлонуп, баш катырып, «мен балдарыма эмнени калтырам?» дедим, жарым жылча түйшөлдүм. Устанын баласы болгондон кийин кан коё бербейт экен. Асмандагы космостук корабль эмес, жердеги эле күнүмдүк турмушка керектүү, жерге төшөлчү таштаманды, анын ичинде кыргыздын шырдагынын үлгүлөрүнө токтолдум.

– Брусчаткаларды айтып атасың да ээ?

– Ии, дал өзү. Ал да жөн эле таштамандар эмес, кадимки эле кыргыздын оюуларынан куралган брусчаткаларды айтып атам. Түйшүктү башыма үйдүм. Бир эле күндө ойлонуп, экинчи күнү өндүрүшкө алып чыгып, үчүнчү күнү сатып, анан байып кала турган оокат эмес экен. Башыман эмне күндү кечиргендеримди айтып отурсам сиздин гезиттин бети чак келбейт, узун жомок.

– Эң кыйыны эмне экен, жок дегенде ушуга токтолсоң?

– Оңой-олтоңун сурасаңыз айтмакмын… Брусчаткалардын калыбын жасаш кыйын экен. Оймо-чиймелерди компьютер аркылуу чийип, матрицасын даярдап, калыпты эмне материалдан жасайм дегенде эле баш катты. Тиягы Европа, быягы Кытайды түрө кыдырдым, Россияны же Казакстанды айтпай тек коёлу.

– Ошондо сенин таш шырдак брусчаткаларың бүгүнкү күндө калыбы менен уникалдуу болуп атабы?

-Туура айтасыз, бүгүнкү күндө бир гана менин цехимде, башка жерде эмес, кыргыздын ар кыл оюулары түшүрүлгөн ар кыл өңдө брусчаткаларды жасап жатабыз. Мен ойлоп тапкан таш шырдак дүйнөгө бренд болуп каларына толук ишенем.

– Сапаты, кепилдиги жана буюртма канча күндө иш жүзүнө ашат?

– Мына ушундай суроолорду бизге келген кардарлар да берип атышат. Жообу жөнөкөй: брусчаткаларды чыгарып, аны сатыкка койгонума толук эки жыл болуп, үчүнчү жылга кетип атат. Алгачкы алган кардарлар менен байланышып, керек болсо үйлөрүнө чейин барып биздин продукцияны өз көзүм менен көрүп коюп атам. Баары жакшы, баары сонун. Кынтык таба элекмин. Өңү өчүп, беттери туурулуп, ушу сыяктуу кемчиликтер каттала элек. Ал эми буюртма тууралуу айта турган болсом, биздин цех бир күндө 45 чарчы метр жерге жете турган брусчаткаларды чыгарып үлгүрүп атат.

– Кардарлар менен кандай шартта иш алпарып атасыңар?

– Бизге келген кардар «узуну мынча метр, туурасы тигинче метр» дейт. Биз компьютерден баардык варианттарды көргөзөбүз. Түстүү гамма, баардык спектр боюнча.

– Мындан эки жыл мурун чарчы метри 750 сом эле. Азырчы?

-Азыр 650 сом.

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: